KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков тарабынан ыкчам кеңешме өткөрүлдү

24 марта 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Каракол шаарында жакында болгон окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбековдун процесстин тараптарынын бирине  соттун аныктамасын бербегендигине байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү.


Кеңешмеде Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков өз каалоолору менен  судьялык кызматтан кетүү туурасында  арыздарын беришти. Судьялар сот бийлигинин беделине көлөкө түшүргөн аракеттерге барганын моюнга алышты.


Ошондой эле, кеңешменин жыйынтыгында Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираевге карата сот адилеттигин ишке ашырууда одоно мыйзам бузууга жол бергендигине байланыштуу тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды.


https://www.youtube.com/shorts/r7Fvto7skxE


Видео-блок

Аксы райондук соту жогорку көрсөткүчтөргө кантип жетишти? Ийгиликтин сыры эмнеде?
Жаңы электрондук система судьяларды кантип тандайт? Жаңы платформасы тесттен өтүүдө
М. Сатыевдин тапшырмасынын изи менен | Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу сот имараттарынын у...
"Сот системасы бүгүн...". Жалал-Абад облустук сотунун төрайымы | Жыпар Сабырова менен ...
Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...