Бүгүн, 2022-жылдын 22-ноябрында, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу жана Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Алмаз Токтосунов Кара-Көл шаардык сотуна болгон иш сапардын алкагында Кара-Көл шаардык сотунун жаңы имаратынын көрүп чыгышты.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, өзүнүн аймактарга болгон иш сапарына ылайык Жалал-Абад облустук жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык жактан жетишээрлик деңгелде камсыз болуп жаткандыгы боюнча таанышуу жүргүзгөн.
Төрага иш сапарынын алкагында, жаан же кар жааганда имараттын чатырынан суу өтүп жаткандыгын көрүп, Кара-Көл шаарынын мэри Талайбек Коңкобаевге башка имарат менен камсыз кылууну дайындаган.
Кара-Көл шаарынын мэри тарабынан Кара-Көл шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты сунушталган. Аталган имарат Сот департаментинин Жалал-Абад областтык башкармалыгына Кара-Көл шаардык мэриясы жана Кара-Көл шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан 2022-жылдын 24-октябрында өткөрүлүп берилген. Учурда сот имаратын капиталдык оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү маселеси чечилүүдө.
Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов