KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы пробация органынын өкүлдөрү менен жолугушту

16 марта 2023

Жалал-Абад облустук соту менен пробация органынын өз ара кызматташуусун жакшыртуу максатында жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушууга Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору  Кубан Казаков, директордун орун басары Молдокул уулу Данияр, Жалал-Абад  облусу боюнча  Пробация департаментинин башчысы Бахадыржан Рыскулов жана Сузак районунун пробация бөлүмүнүн башчысы Уларбек Эшалиевдер катышышты.


Жолугушууда Каныбек Токтосун уулу пробация органынын учурдагы иштери, алдыдагы пландары менен таанышып, төрага жана пробация органынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын “Пробация жөнүндө” Мыйзамын  ишке ашыруу жана жаза түзөтүүлөрүн аткарууга шарттарды түзүү жөнүндөгү маселелерди талкуулашты.


Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору Кубан Казаков аталган департаменттин  ишин камсыз кылууда активдүү жана таасирдүү жардам бергендиги үчүн төрага Токтосун уулу Каныбекке Ардак грамота тапшырды.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов