KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы укук бузуу, кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселеси талкууланды

27 января 2023

Мектеп окуучуларынын укуктук билим деңгээлин жогорулатуу жана жаш өспүрүмдөр тарабынан кылмыштуулукту болтурбоо максатында,  Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Ильяс Ботоев Талас шаарындагы Жолчубек уулу Урмат атындагы  №9 орто мектебинин окуучуларына барып лекция өттү.


Лекцияда сот тутумундагы болуп жаткан реформалары менен тааныштырып, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан мыйзам бузуулар жана анын кесепеттери жөнүндө, окуучулар арасында салык салуу, өзүн жанын кыюга баруу (суицид) жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча маек курду.


Жолугушуунун суроо-жооп бөлүгүндө  10-11- класстын окуучулары өздөрүн кызыктырган темалар боюнча суроолорду беришип жана сот тутумунун өкүлү тарабынан кеңири жоопторду алышты.


Жолугушуунун соңунда мектептин директору Тариэль Иманалиев сөз сүйлөп, окуучуларга насаат сөздөрүн айтты. Ал эми  жергиликтүү соттун судьясы мектеп окуучуларына билим алууда, укуктук билимин жогорулатууда ийгиликтерди каалап,  мындай жолугушууларды уюштуруп туруу жөнүндө макулдашышты.


 


Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов