KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

16 ноября 2020

2020-жылдын 16-ноябрында  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин  милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун  2020-жылдын 6-ноябрындагы № 34 Жарлыгы менен  биринчи жолу 5 жылдык  мөөнөткө судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Барынбаев Жеңишбек Базармаматович, Бектурсунов Арстанбек Аскарбекович, Дыйканбаева Гульзат Ыдырысовна жана  Дуйсембиев Асхат Абубакирович ант беришти.


Кыргыз  Республикасынын  Жогорку сотунун  төрайымы Гульбара Калиева жаңы дайындалган  судьяларды  куттуктап, берген антка бек турууга  чакырды.


Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин  милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 6-ноябрындагы №33 Жарлыгы менен курагынын  чегине  жеткенге чейин  2020-жылдын 29-октябрынан тартып Асанова Чолпон Карыпбековна, Бокомбаев Аман Мамыркожоевич, Джандралиева Надира Джекшеновна, Сагынбекова Дамира Эсенбековна, Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович жергиликтүү соттордун судьялары болуп дайындалышты.


Ошондой эле  2020-жылдын 13-октябрынан тартып  Мусуралиева Аида Султангазиевна жана Узакбаев Азамат Насырович  курагынын  чегине жеткенге чейин дайындалышты.


КР Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 11 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна Мусуралиева Аида Султангазиевна, Узакбаев Азамат Насырович; Сокулук райондук сотуна: Дуйсембиев Асхат Абубакирович;  Жайыл райондук сотуна: Асанова Чолпон Карыпбековна, Бокомбаев Аман Мамыркожоевич, Джандралиева Надира Джекшеновна;  Москва райондук сотуна: Сагынбекова Дамира Эсенбековна; Нарын облусунун Нарын райондук сотуна: Бектурсунов Арстанбек Аскарбекович; Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна: Дыйканбаева Гульзат Ыдырысовна, Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович,  Ош шаарынын Ош шаардык сотуна: Барынбаев Жеңишбек Базармаматович дайындалышты.