KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун үч судьясын шайлады

20 октября 2021

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына көрсөтүлгөн Атакулов Сулайманкул Солтонкуловичтин, Бекешов Тыныбек Рахманбердиевичтин, Сейдакматова Аида Асанбековнанын талапкерлиги каралды. Аларды депутаттарга Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.


Жабык электрондук добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен Сулайманкул Атакулов, Тыныбек Бекешов, Аида Сейдакматова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялыгына шайланышты.


Андан тышкары, жаңыдан шайланган судьялар парламентте ант беришип, расмий түрдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти.


Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов жалпы депутаттардын атынан Сулайманкул Атакуловду, Тыныбек Бекешовду, Аида Сейдакматованы эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалоо менен бирге, аларды өз ишине жоопкерчилик менен карап, мыйзам алкагында калыс чечимдерди чыгарууга чакырды.


Белгилей кетсек, Жогорку соттун судьясы парламентте ант берген соң, расмий түрдө өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.


Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...