KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун аппарат кызматкери Түрк кеңеши Адилет академияларынын биринчи отурумуна катышты

11 октября 2021

2021-жылдын  4-октябрдан 7-октябрга чейин Түркиянын Анкара шаарында Түрк кеңеши Адилет академияларынын биринчи отуруму болду.


Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору  Элмира Байтикова жана Жогорку соттун аппарат кызматкери Айгерим Шамурзаева катышышты.


Ошондой эле  аталган биринчи отурумга Кыргызстандан сырткары, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан делегаттар келишкен.


Иш чаранын алкагында сотторду окутуу чөйрөсүндө жалпы стратегияларды жана кызматташтыкты иштеп чыгуу, көйгөйлөр, чечимдер туурасында  талкуу болду.


Мындан тышкары анын катышуучулары Түрк Кеңешинин алдында  Түрк сот академияларынын биримдигин түзүү мүмкүнчүлүгүн баалоо маселесин карашты.


Ковид-19 пандемияда сот адилеттигинде жаңы окуу практикасы жана мүчө-мамлекеттердин сот адилеттиги окуу жайларынын презентациялары жасалды.


Делегация өкүлдөрү Түркиянын Жогорку кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акарджа, кассациялык соттун башкы прокурору  Бекир Шахин, Административдик иштер боюнча Жогорку соттун төрагасы  Зеки Йигит, ошондой эле судьялар кеңеши жана прокуорлор менен   менен жолугушту.


Иш чаранын катышуучулары бири-бирине белектерди тапшырып, мындан ары дагы тыгыз кызматташтыктарды уланта тургандыктарын ырасташты.


 


 


Видео-блок

Бишкек шаардык сотунда Абдыкасым Супатаевдин мемориалдык бюсту ачылды
Почему имя Супатаева стало символом изменений в судебной системе Кыргызстана?
М. Сатыев Бишкектин соттору менен жолугушту
М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...