KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун судьялары жана аппарат кызматкерлери коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

13 июля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 13-июлунда, COVID-19 илдетинен сактануу,  алдын алуу  жана жайылышына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары,  аппарат кызматкерлери жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматкерлери  коронавирус илдетине каршы вакцина  алышты.


Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун мобилдик  тобу эмдөө иштерин жүргүзүштү.


Белгилүү болгондой, буга чейин Жогорку соттун төрайымы Нургуль  Бакированын тапшырмасы менен сот тутумунда иштеген кызматкерлердин пандемиядан сактануу иш-чаралары күчөтүлгөн болчу. Жогорку соттун борбордук аппараты, облустук, шаардык жана райондук сотторго санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого, анын ичинде социалдык аралыкты сактоо,  коомдук жайларда жана сот мекемелеринде, сот процесстери жүргөн залдарда беткап, антисептик колдонуу сыяктуу эрежелерди бекем карманууга тапшырма берилген.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын аң-сезимдүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүп, өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден-соолугун коргоо үчүн  эмдөөдөн өтүүгө чакырып, бул иштерди тездетүүнү Республикалык ыкчам штабга  тапшырган эле.


Видео-блок

Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты
Калыс сот – элдин тиреги | Чүй облусу
Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...