KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда тыгыз байланыш түзүлдү

01 апреля 2024

2024-жылдын 29-мартында  Жогорку соттун жетекчилиги сот органдарынын маалымат системаларынын учурдагы абалын талдоо жана керектүү жабдуулардын тизмесин аныктоо үчүн келген Кытай Эл Республикасынын эксперттер тобу менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү.


«Эки мамлекеттин башчылары өткөн жылдын май айындагы жолугушууда кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүү боюнча белгилеген багыттын, ошондой эле терең урматтуу Ду Дэвэнь айымдын Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин түздөн-түз көмөктөшүүсүнүн жана аракеттеринин аркасында Жогорку соттордун ортосундагы эки тараптуу мамилелер да активдүү өнүгүүгө ээ болду.


Мындан тышкары, Кытайдын Жогорку Элдик Сотунун жардамы менен бизге сот системасын санариптештирүү маселесинде кызматташтыкты мындан да кеңейтүүгө жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү орнотууга мүмкүнчүлүк берилди. Кытай Эл Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн колдоо, албетте, Кыргызстандын сот бийлигинин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жардам берет жана эки тараптуу мамилелердин тарыхында олуттуу кадам болуп калат», – деди жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков.


Өз кезегинде Кытай делегациясынын башчысы, Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун башкы инженери – Шан Ченглин Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун Төрагасы Чжан Цзюндун тапшырмасы боюнча, аталган эксперттик тобу кыргыз кесиптештери менен бир катар онлайн-жолугушууларды өткөрүп, талдоо жүргүзүүнү талап кылган иштер тез арада аткарыларын баса белгиледи.


Эксперттер тобу санариптештирүү деңгээли менен таанышуунун алкагындагы иш сапардын жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунда, Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондук сотторунда, ошондой эле Сот департаментинде, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде жана «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинде болушту.


Сот отурумдарынын залдарын жана сот отурумдарынын аудио-, видеофиксациялоо жана протоколдоо системасын карап чыгууга, «Соттук актылардын мамлекеттик реестри», «Сот» жана «Сот» 2.0 автоматташтырылган маалыматтык системалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кытайлык эксперттер ошондой эле соттордун жана сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн инфраструктурасын, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окуу порталын көрө алышты.