Бүгүн 2017-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаев жана Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-январындагы № 9-Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык сотуна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары Жумагул Албанова жана Азамат Алыбаев салтанаттуу ант беришти.
Белгилүү болгондой, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.
Салтанаттуу жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева судьялык кызматка кайрадан киришип жатышкан Жумагул Албанова жана Азамат Алыбаевди куттуктап ийгиликтерди каалады.