KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Гүлбара КУДАБАЕВА: “Ишти кароонун сапатына, тартипке көзөмөл күчөтүлүүдө...”

26 марта 2024

Сот укуктук реформасы облустук сот тутумунда кандай тартипте ишке ашырылууда? Сот тутумундагы санариптештерүүнүн мааниси кандай? Бул тууралуу Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу КУДАБАЕВА Гүлбара Ишеновна менен маектештик.




-Учурда мамлекетибизде сот укуктук реформасы жүзөгө ашырылып жаткандыгы көпчүлүккө маалым. Бул багытта Нарын облустук сотунда кандай иштер аткарылууда?



-Туура айтасыз, соңку жылдары өлкөбүздө сот реформасы жүргүзүлүп, үч этапта ишке ашырылууда. Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында бүтүндөй республика боюнча айрым иштеп жаткан судьялар башка жергиликтүү сотторго которулган. Анын негизинде Нарын облустук сотуна жана жергиликтүү сотторго башка облустардан судьялар келип иштеп жатышат. Ар бир судьяга азыр талап катуу коюлуп жатат. Жогорку соттун жетекчилиги тарабынан ишти кароонун сапатына, тартипке көзөмөл күчөтүлүүдө. “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык, соттор тарабынан сот адилеттигин конституциялык, жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүштөрүнүн башка формалары аркылуу алардын компетенцияларына кирген талаш-тартыштарды чечүү жана иштерди сапаттуу жана мыйзамга ылайык кароо аркылуу жүзөгө ашырылууда.




-Мезгил талабына ылайык, азыркы тапта өлкөбүздөгү кайсы тармакта болсун, санариптештирүү маселесине кеңири көңүл бурулууда. Сот тутуму дагы бул жараяндан четте калбаса керек…



-Албетте, сот тутумун санариптештирүү процесси бизде дагы толугу менен колго алынган. Нарын облустук сот тутумунда сот иштеринин натыйжалуулугун арттыруу жана соттук процесстерди жүргүзүү үчүн сот залдары аудио-видео фиксация (АВФ) жабдуулары менен жабдылган. Сот отурумдарынын жүрүшүндө мыйзамда көрсөтүлгөн техникалык каражаттар колдонулат. Бул сот процесстерин объективдүү жана толук кандуу чагылдырууну камсыздап, отурумдардын протоколун жазууну жеңилдетет.



Соттук отурумдун аудиопротоколу – соттук отурумдун жүрүшүнүн үн менен (аудиожазуу) жазылышы болуп эсептелсе, видеопротокол — видеожазуу, тагыраак айтканда, соттук отурумдун сүрөт (визуалдык маалыматтын) жана үндүн коштолуп жазылышы болуп саналат. АВФ түзүмүнүн мүмкүнчүлүктөрү чоң. Аудио, видеопротокол соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүн майда-баратынан бери үзгүлтүксүз толук камтып чагылдырат. Ошондой эле, юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртуу жана сот тармагынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында «Санариптик сот адилеттиги» порталы иштеп жатат. Сот тутумунун интернет сайтындагы маалымат базасы юридикалык жактар үчүн гана эмес, ар бир кыргызстандык жаран үчүн жеткиликтүү. Бул сот системасынын кыйла натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.




-Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын сот тутумунун уюшулгандыгына 100 жыл толду. Сот тутумунун тарыхына азыноолак токтолуп өтсөңүз.



— Жалпы эле өлкөбүздүн сот тутумунун тарыхына кайрылсак, алгачкы сот тутуму 1924-жылы ноябрь айында түптөлүп, Кара-Кыргыз облустук соту ишке киришкен. Жер-жерлерде участкалык элдик соттор түзүлгөн. 1930-жылы сентябрда Кыргызстандын бүт аймагы 24 административдик аймакка бөлүнгөн. Анын алкагында 24 райондук сот жана Фрунзедеги элдик соттун эки секциясы түзүлгөн. Ал эми Нарын облустук сотунун тарыхына үңүлсөк, Теңир-Тоо аймагында биринчи жолу 1938-жылы Тянь-Шань округдук соту болуп түзүлүп, сот тутумуна таандык ошол кездеги функцияларды аткарууга киришкен. Бир жыл өтпөй 1939-жылы Тянь-Шань облустук соту болуп уюшулат. Облустук сот төрагадан, анын орун басарынан, сот мүчөлөрүнөн, 1-инстанциядагы сот иштерине катышууга чакырылган эл арачыларынан турган. Облустук соттун кабыл алынган өкүмдөрү менен чыгарган чечимдерин Кыргыз ССРнин Жогорку соту гана кассациялык тартипте караган. Тянь-Шань облустук сотунун биринчи төрагасы Абаскан Үсөнов болгон. Ал 1941-жылга чейин эмгектенген.



Нарын облустук соту өз тарыхында көптөгөн оош-кыйыштарды башынан кечирди. 1963-жылы Тянь-Шань облустук соту жоюлган. Арадан жети жыл өткөндөн кийин 1970-жылы Нарын облустук соту болуп кайрадан ачылган. 1989-жылы Нарын облусу менен Ысык-Көл облусу кошулгандыгына байланыштуу Нарын облустук соту Ысык-Көл облустук сотуна кошулат. Ортодон үч жыл өткөндөн кийин 1991-жылы Нарын облусу өз алдынча облус болуп уюшулуп, Нарын облустук соту кайрадан ачылып, өз алдынча иштөөгө өткөн.



Бүгүнкү күндө сот адилеттигин ишке ашырууда, сот тутумунун коомдогу беделин көтөрүүдө Теңир-Тоо жергесинде беш райондук, бир шаардык, бир административдик соттор менен Нарын облустук сотунда жалпы 23 судья жана 134 аппарат жана техникалык тейлөө кызматкерлери эмгектенип, өз милдеттерин так аткарып келишүүдө.




-Маегиңизге ырахмат!