KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Куралбек Абдыкадыров Нарын облустук сотунун төрагасы болуп дайындалды

05 июля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 5-июлунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын буйругу менен Куралбек Амантаевич Абдыкадыров Нарын облустук сотунун төрагасы кызматына беш жылдык мөөнөткө дайындалды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган төраганы куттуктап, ишти Мыйзамдын талаптарына ылайык так жүргүзүүнү тапшырды.

Куралбек Абдыкадыров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык дайындалды.