Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзод менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн ортосундагы сот системаларынын кызматташтыктарын бекемдөө жана Кыргызстандын аймагында Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен террористтик жана экстремисттик уюмдар деп табылган партияларга ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салуу туурасында маселелерди талкуулоо болду.
Гульбара Калиева тажик тараптын тынчсыздануусун тең бөлүшүп, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүктү жойууга болгон умтулуусун колдой тургандыгын белгиледи. Төрайым Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан бул маселеге өзгөчө көңүл буруларын ишендирди.
https://newtv.kg/kyrgyz-tazhik-zhogorku-sotu-terroristtik-uyumdar-menen-birgeleship-k-r-sh-t/