KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

«Моюндан алышкан»: Породалуу иттерге таланган жаш баланын армандуу өлүмү

02 декабря 2019

Turmush —  Кыргыз сотунун 95 жылдык мааракесине карата Turmush басылмасы сот тармагына өмүрүн арнаган кызматкерлерди тааныштырат. Бул жолу өмүрүнүн 32 жылын сот тармагына арнаган Аламүдүн райондук сотунун судьясы Анаркүл Берюеваны сөзгө тарттык.


Берген антка бек турдум


— Мен 1974-жылдын 24-сентябрында Ысык-Көл облустук сотуна катчы болуп жумушка кирдим. Ошондо 16 жашта экенмин. Боюң узун деп ата-энем мектепке эрте эле, 6 жашымда берген экен. Сотто эки жылдай иштеп, кийин Фрунзе шаарындагы азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кирип, аны 1983-жылы бүтүрдүм. Катчы болуп иштеп жүргөндө эле сот болом деген максат койдум. Бул кесипти жактырып тандадым. 1979-жылы Түп районунун мамлекеттик нотариусу болуп, андан соң Ысык-Көл облусунун башкы нотариусу, Ысык-Көл облусунун юстиция бөлүмүндө башкы кеңешчи болуп эмгектендим. 1987-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда элдик судья болуп шайландым. Анда сотторду эл шайлачу, элдик судья деп аталчубуз. Ушул күнгө чейин элдик судья болуп калдым деп ойлойм.


Соттун иши өтө оор экенин башынан эле түшүндүм. Бирок берген антка бек туруп, соттук милдеттеримди так, мыйзамдын чегинде аткарууга талыкпастан аракет кылдым. Ак-Суу райондук сотунда судья болуп 1987-жылдан 2002-жылга чейин иштеп, андан соң Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна судья болуп дайындалдым. Ошондон баштап ушул күнгө чейин бул райондук сотто судьянын жумушун аркалап келе жатам. Быйыл 17 жыл болду. Ушунча жыл чыдап иштегениме кээде өзүм да таң калып кетем. 45 жылдык жалпы стаждын ичинен 32 жыл судья болуп биринчи инстанцияда эки эле райондо иштептирмин. Кызматтын оордугунан эртели-кеч жумушта жүрүп, мынча убакыттын кандай өткөнүн билбей да калдым. Сотко жыргаган адам келбейт да. Адамдын тагдырын чечип, бирөөлөрдүн чыр-чатагын караган оңой эмес. Бул жылдардын ичинде кандай гана иштер каралган жок: жарандык иштер, оор жана өзгөчө оор кылмыш иштери, көптөгөн соттук материалдар… Каралган иштердин көпчүлүгү эсимде деле жок, бирок көзгө жаш алдырган, эстен кетпеген иштер болот экен.


Каргашалуу окуя


— Көп жыл мурда Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында өтө оор окуя болгон. Бир адам немис породасындагы агрессивдүү эки ит бакчу экен. Ал иттер ээси тарабынан атайын эрежелерге ылайык каралбай, багуучу адамдын шалаакылыгынан дарбаза ачык калып, сыртка чыгып кетишкен. Бул учурда кошунанын 9 жаштагы уулу жолдо бара жатыптыр. Эки ит баланы кууп жетип, бири мойнунан, экинчиси санынан тиштеп, жулмалап өлтүрүп салышыптыр. Бала үйүнө 3-4 метр эле жетпей калыптыр. Мындан да жүрөктү оорутканы — ал жалгыз бала болгон. Тиешелүү тергөө амалдары жүрүп, тергөөдө эки адамга айып коюлуп, кылмыш иши сотко өтүп, мен карап калдым. Иш резонанстуу болуп, юридикалык жагынан да, моралдык жагынан да өтө оор каралган. Сотто коюлган айыптар аныкталып, айыпкерлердин күнөөлөрү далилденип, айыптоо өкүмүн чыгаргам. Өлгөн баланын атасы ишке катышып, энеси дагы күбө катары суралып, мөлтүрөгөн жаш баласынан бөөдө айрылып отурган бул ата-эненин кайгысы, күйгөнү сөз менен жеткире алгыс. Бүгүнкү күнгө чейин көз алдымда. Иш каралып бүткөндөн кийин мен аларга: «Сөзсүз балалуу болгула, өлгөн баланы кайтара албайсыңар. Жоготконуңардын ордун толуктайт» деген мааниде тилек айттым эле. Арадан бир жыл өткөндөн кийин өлгөн баланын атасы келип: «Эркек балалуу болдук» деп сүйүнчүлөсө, алар үчүн сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш алганым эсимде. Андан бери аларды көргөн жокмун, бала чоңоюп калса керек. Жоготкон уулунун ордун жоктотпой, кайра эркек балалуу болушканы мени өтө кубандырган эле.


Жакында сот тутумунун 95 жылдык мааракеси белгиленгени жатат. Учурдан пайдаланып бардык сот кызматкерлерин куттуктап кетейин. Урматтуу кесиптештер! Сиздерге чын ден соолук, аманчылык, чыдамкайлык каалайм. Оор жана түйшүктүү ишиңиздерде ийгиликтер болсун.


Ошондой эле сот ардагерлерине да бекем ден соолук, узун өмүр каалап, ак эмгек менен иштеп жеткен пенсиянын үзүрүн көрүп, бакубатчылыкта өмүр сүрүңүздөр деп айтмакчымын.


http://www.turmush.kg/news:382033