KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

26 июня 2021

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан КР Президенти Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Талас облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун (өз орундарына 4 талапкер), ошондой эле Чүй, Ош, Ысык-Көл, облустарынын кээ бир жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 18 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.


Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен КР Президенти Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 22 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.


Мамлекет башчысынын аталган 22 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:


– Чүй облусу:


Чуй облустук соту:


Сейталиев Бекболот Мырзабекович.


Аламүдүн райондук соту:


Жээнбекова Аида Бекеновна;

Рыспекова Жаркын Кубатбековна;

Шанкаев Талгат Токтоназарович;

Шералиев Саматбек Абдуллаевич.


Ысык-Ата райондук соту:


Курманалиева Аида Абдынасаровна.


Кемин райондук соту:

Атаканова Назгул Калиевна;

Калиева Клара Джакшылыковна.


Москова райондук соту:

Аскарбеков Арстанбек Аскарбекович;

Байзаков Нурлан Марданович;

Сулайманов Атабек Абдышевич;

Узбекова Халида Асанкуловна;

Усубалиев Бакыт Токтогазиевич.


Жайыл райондук соту:


Айтмолдоев Бактыбек Аскарович.


Панфилов райондук соту:


Эралиев Бектурсун Толонаалыбекович.


Токмок шаардык соту:


Арстанбек кызы Айпери;

Иманбеков Бактыбек Орозбаевич.


– Ош облусу


Ош облусунун административдик соту:


Досалиев Акылбек Кубатбекович.


Ош шаардык соту:


Турдукулов Тилек Ураимжанович.


– Ысык-Көл облусу


Ысык-Көл райондук соту:


Оторбаева Айзада Жумабековна.


– Талас облусу


Талас облустук соту:

Тункатаров Омурлан Амангельдиевич;

Эстебесов Курал Калыгулович.


Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.