KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов менен жолугушту

02 сентября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 2-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Түркияга болгон иш сапардын алкагында Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов башында турган делегация менен расмий эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.




Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда бекем тарыхый негизге жана маданиятка ээ болгон жакшы коңшулук жана бир туугандык мамилелер өнүккөндүгүн айтты. Кызматташуу жылдарында баардык чөйрөлөрдө конструктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлүп, анын ичинде эки өлкөнүн сот системасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү багыттарын белгилесе болот деди төрайым.




Эки мамлекеттин тыгыз кызматташтыгы Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында жүргүзүлүп келет.




Белгилүү болгондой, учурда дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, бул жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын он алтынчы жыйыны Кыргыз Республикасында видеоконференц байланыш аркылуу 2021 -жылдын 24 -сентябрында өткөрүлө тургандыгын Нургуль Бакирова маалымдады.




Мындан тышкары, учурда Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коом менен эффективдүү өз ара аракеттенүү максатында электрондук документ жүгүртүү системасы киргизилип жаткандыгын кошумчалады. Соттордо иш кагаздарын автоматташтыруу, статистикалык маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу, судьялардын ортосунда иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүүнү камтыган сот адилеттигинин электрондук тутуму ийгиликтүү иштеп жаткандыгын белгиледи.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн сотторундагы аудио жана видео жаздыруу системасынын ийгиликтүү иштеши туурасында талкуу болду.




Өз кезегинде Жакып Асанов Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакированы ушул жылдын октябрь айында иш сапар менен Казактан Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн сот тутумундагы жетишкендиктери, артыкчылыктары жана тажрыйбалары туурасында пикир алышышты.