KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова Шанхай кызматташтык уюмунун аялдар форумуна катышты

19 августа 2022

Аялзатын сыйлаган коомдо үй-бүлөдө бейпилдик, өлкөдө  өнүгүү.  Элдик дипломатияны жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөдө аялдардын өзгөчө ролун даңазалаган, тез өзгөргөн технологиялык коомдо ишкер аялдардын бирдиктүү өнүгүү стратегиясын түзүү  максатын көздөгөн 18-19-августта Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин IV Аялдар форуму өтүүдө.


Форумга КР Жогорку Кеңешинин Вице-спикери Ж.Исаева, КР Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары Н.Бакирова, КР Соода өнөр жай палатасынын кеңешинин Борбордук Азия Аялдар лигасынын төрагасы А. Атабекова, КР ЖК социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.Райымбачаева, КР эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ж.Алыбаева ж.б. катышып жатышат.


Форумда аялдар ишкерлигинин мамлекетти өнүктүрүүдөгү ролуна, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалууда.       Форумда адам мамилелери татаалдашкан доордо аялдардын, кыздардын укугун, эркиндигин камсыз кылууга жетүү; “шанхай духунда” аялдар кыймылынын жаратмандык потенциалын мындан ары чыңдоо; гендердик теңдик жана аялдарды колдоону камсыз кылууга байланышкан көйгөйлөр спектринин алкагында эл аралык коомчулуктун күчүн бириктирүү; коомдук архитектураны бекемдөө; мамлекеттик башкарууга активдүү катышуу ж.б.у.с. бир катар маселелер козголду.


БУУнун   Гендердик теңчилик Туруктуу өнүгүү глобалдык максаттарына жана Пекин декларациясынын жоболоруна жетүүгө ШКУга мүчө мамлекеттер биргелешкен аракеттерди жылдырууга даяр экендигин билдиришүүдө. Аялдар лидерлиги, аялдар ишкерлиги, аялдар теңчилиги дүйнөдө тынчтыкты сактоого, элдердин бекем достугуна, экономикалык бакубаттыкка жетишүүгө      түздөн-түз чоң салым кошот деп ишенебиз.