KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова: Соттордун билимин, тажрыйбасын жана маданиятын өркүндөтүү керек

15 апреля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 15-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жалпы жамааты менен жолугушту.


Нургуль Бакирова жаңы Баш мыйзамга ылайык, сот тутуму мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болоорун билдирди. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  Жогорку Кеңеш менен тыгыз иштеп, сот тутумуна тийиштүү болгон мыйзамдарды иштеп чыгууга бардык аракеттер жумшалаарын белгиледи.


Нургуль Бакирова  судьялык кесип — акыйкаттыкты, кесипкөйлүктү, чыдамкайлыкты талап кылган ардактуу кесип экендигин жана мыкты судьяларды даярдап чыгарууда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ролу чоң экендигин баса көрсөттү.


Төрайымдын милдетин аткаруучу  аталган мектепти келечекте Академия кылууга болоорун айтты.


Мындан тышкары, судьяларды окутууда  коңшу мамлекеттерден  лекторлорду чакыруу практикасын киргизип, тажрыйба алмашуу жакшы натыйжаларга алып келээрин белгиледи.


Ошондой эле соттордун билимин, тажрыйбасын жана маданиятын  өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.


Темирдей тартип, күчтүү билим берүү базасы менен гана соттордун аброюун көтөрө алабыз. Бул үчүн  соттор өздөрү күнүгө  билим алууга, тажрыйба топтоого аракет кылышы керек”.


Өз кезегинде аталган мектептин директору Эльмира Байтикова жакында эле Бишкек шаары менен Чүй облусунун судьялары окуудан өткөндүгүн, ал эми алыскы аймактар онлайн окутулуп жаткандыгын билдирди.


Белгилей кетүүчү жагдай, лекторлор катары учурда иштеп жаткан судьялардын ичинен  жогорку кесипкөй  окутуучулар бар.  Мындан сырткары, судьяларды окутуу үчүн  отставкадагы судьялар, экс-судьялар жана учурда иштеп жаткан судьялар тартылган.