KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Нургуль Бакирова “Укук булагы” долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту

21 января 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 21-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова «Укук Булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту.


Иш чарага төраганын кеңешчиси Чыңгыз Токтобеков, мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Маргарита Сапиянова жана коом менен байланышуу, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усупбаев катышты. Долбоор тараптан: сот системасынын көз карандысыздыгы боюнча программасынын жетекчиси Алмаз Касымбеков, эксперт Чинара Айдарбекова, гендер боюнча эксперт Нора Суйуналиева жана кызматкер Бакыт Конушбаев катышты.


Төрайым өнөктөш уюмдар менен кызматташуу келечекте да өнүгүп, өз ара аракеттенүү улана берерин белгиледи.


Фред Хьюстон долбоордун ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берди.


Тараптар сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, калктын сот бийлигине болгон беделин жана ишенимин чыңдоого, соттордун материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, электрондук сот өндүрүшүн, коррупцияга каршы чараларды күчөтүү жана башка бир канча маселелерге токтолушту.


Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.