KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Жашыл сот” аталыштагы ишембиликтин алкагында сот органдары бактарды отургузушту

17 апреля 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 17-апрелинде, жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери “Жашыл сот” аталыштагы ишембиликке чыгышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакированын демилгеси менен “Жашыл сот” деген аталыштагы сынак жарыяланган. Ага жергиликтүү соттор катышууда. Сынактын жыйынтыгы  2021-жылдын 4-майында жарыяланат. Сынактын максаты – айлана-чөйрөнү коргоону пропагандалоо, бак-дарактарды тигүү, ишембиликтердин салтын өркүндөтүү болуп саналат.


Ишембиликтин алкагында Бишкек шаарынын бардык соттору чыгышты. Судьялар жана аппарат кызматкерлери соттордун ичин тазалашып, ага жакын жерлерге  ийне жалбырактуу дарактар ​​жана гүлдөр отургузулган.


Ал эми Ысык-Көлдө облустук соттун төрайымы Гулкайыр Алиеванын жетекчилигинин алдында облустук соттун жана  Каракол шаардык сотунун судьялары менен кызматкерлери,  Каракол шаардык сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучулары жана Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын аппарат кызматкерлери менен бирге Ысык-Көл облусунун Ак-Суу  районунун Пристань айылында жайгашкан К.Карасаев атындагы музейдин аймагында болуп өткөн жалпы облустук ишембиликке катышышты. Бөлүнүп берилген жел тилкелери таштандылар менен түшкөн жалбырактардан, чырпыктардан жана кургак чөп-чардан тазаланды.


Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы менен кызматкерлери Каракол шаардык сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн сот аткаруучулары жана Каракол шаардык сот приставдар кызматтык бөлүмүнүн сот приставдары менен бирге соттун имаратынын аймагын таштандылардан, түшкөн жалбырактардан тазалап, көрктөндүрүштү. Тегерегине гүлдөр жана сирендин, арчанын, мөмөлүү дарактардын көчөттөрү отургузулуп, карагайлар акталды.


Тоң райондук сотунда көп жылдык гүлдөр тигилип, ал эми Ак-Суу райондук сотунда розалар жана алманын көчөттөрү отургузулду. Ошондой эле аталган соттордун имараттарынын аймактары иретке келтирилди.


Жети-Өгүз, Түп, Ысык-Көл райондук сотторунун жана Каракол шаардык  сотунун  кызматкерлери соттордун имараттарынын тегерек-четин жана иш орундарын тазалашты.


Талас облусунун бардык соттору ишембиликтин алкагында сот имараттарынын  аймагына бак-дарактарды, гүлдөрдү отургузушуп, тегерегин ирээтке келтиришти.


Мындан тышкары Чүй облустук сотунун судьялары жана аппарат кызматкерлери соттун аймагында ишембилик өткөрүштү. Сот имаратынын жанындагы таштандылар чогултулуп, бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.Панфилов райондук соту дагы жаш көчөттөрдү отургузушту. Ал эми Токмок шаардык соту менен Чүй райондук соту биргеликте ишембилик өткөрүшүп, жаш көчөттөрдү тигишкен.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин борбордук аппаратынын кызматкерлери жакын жайгашкан аймакты көрктөндүрүү, тазалоо жана жашылдандыруу боюнча кезектеги ишембиликти өткөрүштү.


Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер айлана-чөйрөнү тазалап, газондорду жана тротуарларды куураган жыгачтан жана жалбырактардан тазалап, бак-дарактарды акташты, ошондой эле имараттын ичин тазалашты.


Сот департаментинин Чүй облустук башкармалыгы Чүй облусунун кооптуу аймактарында жер көчкү, жээк эрозиясы жана башка табигый кырсыктар болуп жаткан жерлерге көчөттөрдү отургузуу үчүн Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылдык округунда болуп өткөн облустук «Бакча ишембиликке» катышты.


Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьялары жана аппарат  кызматкерлери «Жашыл сот» аталыштагы  ишембиликке чыгып, сот имаратынын жанындагы аймакты тазалашты. Ошондой эле, жашыл аянтчалар менен газондорго кам көрүлүп, алма бактын  көчөттөрү отургузулду.


Эске сала кетсек, 2021-жылдын 20-мартынан баштап сот органдарынын кызматкерлери тарабынан ишембиликтер үзгүлтүксүз  өткөрүлүп, бак-дарактар, бадалдар жана гүлдөр отургузулууда.