KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кадамжай райондук сотунун төрагасы Марклен Нармырзаев аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеге катышты

10 октября 2024

Баткен областынын Кадамжай районунун бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрүлүп, анда аткезчиликтин алдын алууга багытталган иш аракеттердин аткарылуусу, көрүлгөн чаралардын натыйжасы талкууланып, бул багытта күрөштү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.


Жыйынга катышкан Марклен Нармырзаев өз баянында Кадамжай райондук сотунда аткезчилик беренеси боюнча каралып жаткан кылмыш иштердин статистикалык маалыматына токтолуп, бажы контролунан тышкары өткөрүлгөн товарлар жана башка буюмдар, ошондой эле аларды ташууга пайдаланылган транспорт каражаттары конфискациялана тургандыгын  билдирди.


Координациялык кеңешменин жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынып, тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.


 


Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов