KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти

07 октября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын  7-октябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун, ошондой эле Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.


Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыгына ылайык, Качкыналиева Динара Шахтербековна  Бишкек шаардык  сотуна дайындалды.


Мындан тышкары мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен  Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, Кувандыкова Наргиза Тураровна  курагынын чегине жеткенге чейин Баткен облустук сотуна дайындалды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.


Ошондой эле мамлекет башчысынын курагынын чегине жеткенге чейин дайындоо жана судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкү жергиликтүү сотторго жиберүү жөнүндө Жарлыктары чыгарылган:


Ош облусу:


Кара-Суу райондук соту


Усакпаева Гульзат Каныбековна;


Өзгөн райондук соту


Саадабаева Чынара Муратбековна;


Ош шаардык соту:


Абдырахманов Урматбек Аманович;


Самаков Нурмат Талантбекович;


Шаршеева Алтынай Чубаковна;


Чүй облусу:


Ысык-Ата райондук соту


Тажибаев Нурбек Рашидович;


Сокулук райондук соту


Кулмурзаев Манасбек Каримович;


Москва райондук соту


Дубанаев Кубатбек Султанмуратович;


Бишкек шаары


Биринчи май райондук соту


Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.


Биринчи  жолу дайындалган судьялардын ант берүүсү аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жогорку сот органынын судьяларынын катышуусунда жергиликтүү соттордун төрагалары менен онлайн режиминде кеңешме өткөрдү.


Жыйындын жүрүшүндө Замирбек Базарбеков күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүп, катышуучулардын көңүлүн сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу зарылдыгына бурду.