KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

“Калктын ден соолугуна жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштарды кароо өзгөчөлүктөрү” темасында тренинг өтүүдө

03 ноября 2017

Бүгүн, 3-ноябрда, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2017-жылга Окуу планын аткаруу максатында, Сот адилеттигинин жогорку мектеби Улуу Британия элчилиги тарабынан каржылаган, “Кыргыз Республикасында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү илгерилетүү үчүн укук үстөмдүүлугүн бекемдөө” ПРООНдун долбоору менен биргеликте  уюштурулган “Калктын ден соолугуна жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштарды кароо өзгөчөлүктөрү” темасында Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн тренинг өткөрүүдө. .


Лектор катары Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаныл Мамбеталы чыкты.


Тренингде дүйнө жүзүндө  кеңири масштабдагы көйгөй болуп саналган, калктын ден соолугуна жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар боюнча актуалдуу маселелер каралат. Алар өлкөнүн генофондуна жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч  туудурат.