KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар "Жарандык укуктун ченемдери" темасына арналган юбилейлик 25-эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты

14 октября 2024

2024-жылдын 10-11-октябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында «Жарандык укуктун ченемдери» темасына арналган ар жылдык цивилистикалык окуулардын алкагында уюштурулган юбилейлик 25-эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.


Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Турсунгүл Чаргынова, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Азамат Узакбаев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу Мадина Давлетбаева катышты.


Иш-чарага мамлекеттик, жарандык сектордун, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле жарандык укук жаатындагы чет өлкөлүк эксперттер катышышты.


Конференциянын жүрүшүндө судья Азамат Узакбаев «Кыргыз Республикасынын укук колдонуу практикасында жарандык укуктун жана укуктун башка тармактарынын ченемдерин колдонуунун айрым маселелери» темасында баяндама жасады.


«Жарандык процесстеги атаандаштык жана тең укуктуулук принциптеринин катышы» темасында  Мадина Давлетбаева доклад жасады.


Конференциянын катышуучулары жарандык укукту өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты, тажрыйба алмашышты жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.