Бүгүн Бишкек шаардык соту, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту жана Бишкек шаарынын Административдик соту административдик имараттардын чектеш аймактарында тазалоо иштерин улантышты.
Ага соттор жана сот кызматкерлери катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө соттордун аймагы жана ага жакын жайгашкан аймактар таштандылардан тазаланып, жашыл аянтчалар ирээтке келтирилип, гүлдөр отургузулду.