KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы окуучуларга кылмыштын кесепеттерин айтып берди

29 января 2018

Кылмыштуулукту алдын алуу жана сот системасы тууралуу  Кызыл-Кыя шаарынын №9  Ураим Гулматов атындагы орто мектебинин 9-10-11-класстарынын окуучуларына маалымат берилди. Үстүбүздөгү жылдын 25-январында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Акылбек Адимов тарабынан масс-медиа программасынын негизинде “Кыргыз Республикасынын сот системасы”, “sot.kg” укуктук маалымат булагы  жана “Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук” темаларына ылайык лекция окулду. Лекциянын соңунда суроо-жооп, талкуу жүргүзүлдү. Окуучулар негизинен  сот системасынын ишине кызыгышып,  укуктук багыттагы суроолорун узатышты.


Ал эми аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары тарабынан мындан ары өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук тууралуу кененирээк маалымат берип, кайрадан лекция окуп берүүнү  суранышты.


Кызыл-Кыя шаарынын №9  Ураим Гулматов атындагы мектебинин директору Улукбек Маматов окуучуларга фемида өкүлдөрүнүн өздөрү келип укуктук мыйзам тууралуу айтып берүүсү кыйла таасирдүү болоорун белгилеп,   Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Акылбек Адимовго ыраазычылык билдирди.


 


 


 


                                  Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы.


                                                                        Аскар Баймуратов.