KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

СУДЬЯЛАР СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ

23 апреля 2024

Нарын облусунун судьялары Кыргыз Улуттук Университетинин Нарын шаарындагы гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин «юриспруденция» адистиги боюнча билим алып жаткан студенттери менен жолугушту.


Жолугушууда Нарын облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Г.Кудабаева өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформасы, санариптештирүү процессинин мааниси, кыргыз сотунун тарыхы тууралуу баяндап өттү. Ал өз сөзүндө: “Соттордогу орун которуштуруу кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатын көздөйт” деп белгиледи. Адам укуктарын сактоо, билим алуунун зарылдыгын белгилеп, студенттердин окуусуна  ийгилик каалады.


Ал эми Нарын облустук сотунун төрагасынын Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча орун басары К. Исажанов студенттерге кылмыштардын классификациясы  тууралуу түшүндүрмө берип, “Кылмыш-Жаза” кодексиндеги бала, ошондой эле, баланы кылмыш жана жаза сот өндүрүшүнөн чыгаруу түшүнүктөрү жөнүндө маалымат берди. Өз кезегинде, соттордун негизги милдети-калыстык экендигине токтолуп, сотторго карата ишеним тууралуу пикирин билдирди. “Келечек – билимдүүлөрдүкү” деп баса белгилөө менен, К.Исажанов студенттерди татыктуу билим алууга чакырды.


 



СУДЬЯЛАР СТУДЕНТТЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ