KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар кеңешинин босого баллды аныктоо боюнча чечими кайрадан жаңыланды

19 мая 2020

2020-жылдын 31-мартындагы «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу, Судьялар кеңеши конкурстук тандоодон өткөн судьялыкка талапкерлер үчүн босого баллды аныктайт.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2020-жылдын 11-майындагы чечими менен, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Президентине судьялык кызмат ордуна сунушталган талапкерлер үчүн босого баллдын 45 баллдан кем эмес болушун аныктаган чечими кайрадан жаңыланды.