KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби окутуучу курамынын бош кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык конкурс жарыялайт

12 марта 2024

Кызматтын аталышы: окутуучу


Бош кызмат орундардын саны — 2 штаттык бирдик.


 



  • 1 бирдик “Жазык укугу жана процесси” багыты боюнча;

  • 1 бирдик “Административдик укугу жана процесси” багыты боюнча.


 


Жалпы квалификациялык талаптар:


Кесиптик билимдин деңгээли:


— жогорку юридикалык билим.


 



  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:


— үч жылдан кем эмес окутуучулук иш стажы;


— окутуу модулдарын, окуу куралдарын жана методикалык материалдарды жазуу тажрыйбасы;


— окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү тажрыйбасы;


— судьялык иш стажынын болушу артыкчылык болуп саналат.


 



  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:


Төмөнкүлөрдү билүү:


— жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;


— сот тутумун терең билүү;


— менеджменттин негизин;


— адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;


— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;


— чет тилдерди (билгени абзел).


Билгичтиги:


— билим берүү программалары жаатында стратегиялык пландарды иштеп чыгуу жана иштин приоритеттүү багыттарын аныктоо;


— судьялардын жана сот тутумундагы кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин чечүү боюнча  анализдөө, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүдө жаңы ыкмаларды интеграциялоо;


— башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу;


— кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;


— окутуу программаларын ишке ашырууда новатордук ыкмаларды колдонуу, мүмкүнчүлүктөрдү издөө;


— тартылган окутуучулар/адистер жана түзүмдүк бөлүмдөр менен натыйжалуу  ишти пландаштыруу;


— окуу пландарын жана программаларын түзүү;


— окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү;


— судьялардын жана сот тутумунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу стратегиясынын долбоорлорун (кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, узак мөөнөттүү) иштеп чыгуу;


— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү.


  Көндүмдөрү:


— лекторлор курамы/тартылган адистер менен өз ара аракеттенүү/башкаруу;


— соттордун жана сот тутумунун кызматкерлиринин квалификациясын жогорулатуу маселелер боюнча актуалдуу муктаждыктарын аныктоо, ошондой эле сот практикасын системалаштыруу жана анализдөө;


— чыр-чатак кырдаалдарын жөнгө салуу;


— өз ара натыйжалуу мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларына ээ болуу, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышууларды жүргүзүү;


— квалификациясын жогорулатуу жана окутуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар менен,  жакынкы жана алыскы чет өлкөдөгү  сот органдары менен кат алышуу;


— окутуу программаларын өркүндөтүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында чет өлкөдөгү сот органдарынын практикалык иш тажрыйбаларын изилдөө;


—  эл аралык конференцияларды, тегерек столдорду өткөрүү ж.б.


Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:



  • жеке арыз;

  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен;

  • паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска документтерди тапшыруу жана аңгемелешүү учурунда көрсөтүлөт);

  • өмүр баяны;

  • резюмеси;

  • мурунку иштеген жеринен маалымдама-сунуштама

  • нотариустан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин, билими, окумуштуулук даражасын жана окумуштуулук наамын ыйгаруу жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү;

  • квалификациясын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин, мамлекеттик жана башка сыйлыктарынын күбөлүгүнүн жана башка документтеринин көчүрмөсү;

  • соттуулугу жоктугу жөнүндө справка (берилген күнүнөн 3 ай мөөнөтүнөн ашпаган).


Баардык документтер делого (скорошиватель) тиркелиши керек жана Сот адилеттигинин жогорку мектебине 2024-жылдын 13-мартынан тартып         2-апрелине чейин (кошо эсептеп) саат 9:00дөн 17:00 чейин Бишкек шаары, Москва көчөсү, 201 дареги боюнча берилиши керек.


Маалымат үчүн байланыш тел.: (0312) 45-47-43.


 


Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык сынакка катышуусуна жол берилбейт.