KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Вячеслав Лебедев менен коштошуу зыйнатына катышты

29 февраля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков кечээ, 2024-жылдын  28-февралында, Москва шаарында Россия Федерациясынын Жогорку сотунун Төрагасы Вячеслав Лебедев менен коштошуу зыйнатына катышты.


Коштошуу зыйнаты Союздар үйүнүн Колонналык залында өтүп, ага Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, судьялар корпусу жана Россиянын сот тутумунун ардагерлери, ар кандай мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, ошондой эле коомчулуктун өкүлдөрү катышты.


Коштошуу аземинен кийин Вячеслав Лебедевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Куткаруучу Христостун соборунда болуп, аны Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл өткөрдү. Жогорку соттун төрагасынын сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлду.


Белгилүү болгондой, В.М. Лебедев 1943-жылы 14-августта Москвада туулган. 1968-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1970-жылы 13-декабрда Москванын Ленинград райондук сотунун эл судьясы болуп шайланган. 1977-жылы В.М.Лебедев Москванын Темир жол райондук эл сотун жетектеген. 1984-жылы Москва шаардык сотунун төрагасынын орун басары, 1986-жылы Москва шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалган. 1989-жылы июлда В.М.Лебедев Россиянын Жогорку сотунун төрагасы болуп шайланган.