KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

06 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 6-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  төрагасы Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.


Тараптар Кыргыз Республикасынын сот тутумун санариптештирүү жаатында мындан аркы кызматташууну талкуулашты.


Төрага белгилегендей, өткөн жылдын октябрь айында Кытай Эл Республикасынын башкы судьясы,  Жогорку Элдик Сотунун Төрагасы Чжан Цзюнь менен болгон эки тараптуу жолугушууда жетишилген макулдашуулардын алкагында жакынкы арада сот системасынын техникалык жактан жабдылышынын деңгээли жана жардамдын көлөмүн аныктоо максатында маалыматтык системалардын функционалдуулугу менен таанышуу үчүн эксперттик топтун келиши күтүлүүдө.


Төрага Кыргызстандын сот системасын санариптик трансформациялоодо Кытай Эл Республикасынын Улуттук өнүктүрүү агенттигинен техникалык жардам көрсөтүү маселеси оң жагынан  чечилишине үмүт артарын билдирди.


Өз кезегинде Ду Дэвэнь эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого багытталган өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын ырастады.