KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков программалардын директору жана East West Management институтунун директорунун  орун басары Ники Дасарати менен жолугушту

15 июля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 2024-жылдын 15-июлунда, программалардын директору жана Вашингтондогу East West Management институтунун директорунун орун басары Ники Дасарати менен жолугушту.


«Узак жылдар бою биз Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (ЮСАИД) жана анын долбоорлору менен жигердүү жана жемиштүү кызматташуудабыз. Азыркы учурда ЮСАИДдин «Укук Булагы» долбоору менен активдүү өз ара аракеттенип жатабыз, ал Кыргыз Республикасында сот адилеттиги системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чараларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатат. Анын негизги багыттары Кыргызстандын сот тутумунун сапатын, натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жакшыртуу, соттордун көз карандысыздыгын жана соттук өз алдынча башкарууну бекемдөө болуп саналат.


Бул учурда, долбоор менен кызматташуу ар түрдүү тармактарда жүзөгө ашырылат. Бул » 2023-2026 — жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү «Мамлекеттик максаттуу программасынын иш-чараларын ишке ашырууга, ошондой эле сот тутумун санариптештирүүнүн айрым маселелерине, судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүүгө көмөк көрсөтөт«, — деди Замирбек Базарбеков.


Тараптар Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөө максатында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.


Жолугушууга ЮСАИДдин «Укук Булагы» Долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон, Соттордун көз карандысыздыгы программасынын жетекчиси/ЮСАИД «Укук Булагы» Долбоорунун 1-компонентинин Лидери Алмаз Касымбеков, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын жетекчиси Эркинбек Мамыров, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана Аппараттын бөлүм башчысы Айгерим Шамурзаева катышышты.


 


https://www.youtube.com/watch?v=2FsRolkieEI