KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Кытай Эл Республикасынын эксперттери менен жолугушту

26 марта 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 26-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жетекчилиги  сот органдарынын маалыматтык системаларынын учурдагы абалына талдоо жүргүзүп,  керектүү жабдуулардын тизмесин аныктай турган Кытай Эл Республикасынын эксперттер тобу менен жолугушту.


Жолугушууга кыргыз тараптан төраганын орун басарлары – Нурлан Мусаев, Шералы Камчыбеков жана Нургуль Бакирова, ошондой эле Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров  катышышты. Кытай тараптан: Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун башкы инженери  Шан Ченлин, Ляонин Ли Гуосинь провинциясынын Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы, КЭР Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери  Хоу Ифань,  КЭР Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун маалыматтык технологиялар инфраструктурасы бөлүмүнүн расмий өкүлү Ли Фэнься жана КЭР Жогорку Элдик Сотунун маалыматтык технологияларды тейлөө борборунун пландоо жана башкаруу бөлүмүнүн кызматкери  Юань Линь болушту.


«Биз үчүн сот системасын санариптештирүү маселеси чоң мааниге ээ, анткени азыркы учурда зарыл инфраструктураны түзүү жана сот адилеттиги тутумубуздун ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.


Биз Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик сотуна Кыргызстандын сот системасына техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр экендиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Белгилүү болгондой, Кытай санариптештирүүдө жогорку натыйжаларга жетишти, бул сот инфраструктурасында заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатындагы акыркы жетишкендиктердин үлгүсү болуп саналат. Айта кетчү нерсе, бул жыйынтыктар биздин чыныгы суктануубузду жаратат. Ошондуктан Кыргызстандын сот системасын санариптик трансформациялоодо кытай тараптын колдоосу жана көмөгү аркылуу биз сапаттуу санариптик форматка жана электрондук сот өндүрүшүнө өтүүгө жетише аларыбызга терең ишеним бар«, — деди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков.


Белгилей кетсек, 2023-жылдын октябрында Замирбек Базарбек башында турган кыргыз делегациясы Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик соту тарабынан уюштурулган «Деңиз Жибек Жолу» аттуу соттук кызматташтык боюнча эл аралык форумга катышууга чакырылган. Иш сапардын  алкагында Кытай Эл Республикасынын Жогорку Элдик Сотунун төрагасы Чжан Цзюнь менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, анын жүрүшүндө санариптик трансформациялоо маселелеринде Кыргыз Республикасынын сот тутумун колдоо жөнүндө макулдашылган.


Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан сот тутумун санариптик трансформациялоо, анын ичинде ички бизнес-процесстерди оптималдаштыруу,  кызматтарды жана сервистерди көрсөтүү үчүн санариптик форматка толук өтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул максатка жетүү үчүн санариптик демилгелерди стратегиялык башкаруу жана координациялоо менен алектенген санариптик өнүгүү боюнча стратегиялык топ түзүлгөн. Коопсуз жана туруктуу санариптик инфраструктураны түзүү реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн негизги милдет болуп саналат.