KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева: айткыла, кимде кандай сунуш бар?...

08 апреля 2019

2-апрелде Жогорку соттун басма сөз залында төрайым Гүлбара Үтүровна Калиева массалык маалмат каражаттарынын 70тей өкүлү жана жетекчилери менен кеңири форматтагы жолугушуу өткөрдү. 2 саат 40 мүнөттөй убакытка созулган бул суроо-жооп иретинде өткөрүлгөн баарлашуу эки тарапты тең канааттандыргандыгын айта кетүү керек.


Бул маанилүү жолугушуу Жогорку соттун төрайымы катары Гүлбара Калиеванын өз кызматына киришкенден берики соңку 6 айдагы биринчи жолу өткөрүп жаткан иш чарасы болду. Аталган жолугушуунун максаты – Жогорку соттун ММКлар менен өз ара байланышын бекемдөө жана кызматташтыктын натыйжасын жакшыртуу болду.


Төрайым Гүлбара Калиева өз сөзүндө журналисттер үчүн сот органдарынын эшиги дайыма ачык экендигин, коомдо 4-бийлик катары саналган ММКлар коом мүчөлөрүнүн укуктук аң-сезимин калыптандыруудагы милдети чоң экендигин баса белгиледи.


Жолугушууда эки тараптан тең өз ара түшүнүүчүлүк кырдаалы түзүлүп, буга төрайымдын инсандык, интеллектуалдык деңгээли, кесиптик мол тажрыйбасы гана эмес,  жарык жүзү, жылуу маанайы – жакшынакай аурасы да журналисттер арасында чон ишенимдин пайда болушуна өбөлгө түзүп, иш-чара жакшынакай кырдаалда өттү. Гүлбара Үтүровнанын кыл калем чеберлерине чын ыкластан көңүл коюу менен жасаган мамилеси жолугушууда чыныгы иштиктүү мүнөзгө ээ болуп, өз ара түшүнүшүүнү шарттады.


Журналисттерди негизинен сот реформасына, жаңы кодекстердин колдонулушуна, ачык процесстерди өткөрүүдө дэээрлик бардык судьялардын ММК өкүлдөрүн процессти чагылдыруу аракетине карата мыйзамсыз каршылыктарына, журналисттерге карата коюлган соттук доолордун учурларынын жана өлчөмүнүн көбөйүп бараткандыгына, сот отурумдарын уюштуруудагы тез-тез учуруп турган так эместиктерге, көпчүлүк учурларда судьялардын журналисттер менен маектешүүдөн оолактап жаткандыктарына байланышкан суроолор кызыктырды.


-Албетте, сот өкүмүнөн кийин соттошкон тараптардын бири сөзсүз нараазы болбой койбойт, – деди Гүлбара Үтүровна, журналистеридин биринин берген суроосуна жооп берип жатып. – Кээ бир учурларда мындай жагдайга судья өзү да себепкер болуп калышы мүмкүн. Бүгүнкү учурда коомчулуктун, Президенттин судьялардын алдына койгон талабы мурдакыдан алда канча олуттуу. Ошондуктан, соттордун ишмердигине жарандардын нараазылыктарын мүмкүн болушунча азайтууга аракеттенебиз.


Залдан Гүлбара Калиевага кезектеги суроо берилди.


— Урматтуу төрайым, калк айтса калп айтпайт дейт. Саясий өңүттөн жалаа жабылып, айыпталып камалган 30дай саясий туткундардын ак жерден камалгандыгын кыргызстандыктын баары билет. Бул жерде экс-ажо Атамбаев менен 5-6 эле судьянын зомбулук менен жалаага негизделген өкүмү туурабы же 7 миллион мекендештерибиздин пикири туурабы? Дегеле 23-апрелде Жогорку сотто Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровго карата калыс чечим болобу?


Залдагыларга жылмайган төрайымдын:


— Болот,..- деген кыскача жообу угулду.


Жогорудагыдай суроолор өтө көп болгондугуна карабастан, төрайымдын кызматтык бай тажрыйбасы алардын ар бирине ирети менен жана канаттандыраарлык жоопторду берүүнү камсыз кылды.


Бул өз ара иштиктүү пикир алышуунун учурунда, төрайымдын ийкемдүү дипломатиясынан улам, залда кезек талашуу, сөз талашып, кайым айтышуу, жаакташуу сыяктуу нерселерге жол коюлган жок.


Ошондой эле төрайым сот реформасынын алкагында жүргүзүлүп жаткан реформалар коомчулукка ачык-айкын болушун көздөп, sot.kg сайты ишке киргизилгендиги, соттордун квалификациясын жогорулатуу максатында Сот адилеттигинин жогорку мектеби аркылуу судьялар өз адистиктерин жогорулатып жаткандыгы, ошол эле учурда сот өндүрүшүндө кездешкен кээ бир проблемалуу жагдайлар тууралуу жергилктүү соттор менен видеоталкууларды өткөрүү, сотторго болгон ишеним деңгээлин аныктоо үчүн социологиялык сурамжылоо практикаланып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.


Бишкек, Ош жана Чүй аймагында бир судья кээде айына 60 – 80ден иш карап жаткандыгы, ошол эле учурда айрым бир Сүлүктү сыяктуу жерлерде бир судьяга 1 жылда болгону 15 ишти кароо туура келээри айтылды. Мындан улам төрайым жакынкы келечекте сот тармагында аймактык-админстративдик реформа ишке ашырылаарын, андан улам сынактын негизинде кошумча дагы 56 судья кызматка алынаарын билдирди.


Төрайымдын журналисттердин жоон тобу менен мындай жолугушуусу биринчи жолу болуп жаткандыгына карабастан, абдан иштиктүү жана натыйжалуу өткөндүгүн белгилеп кетүү керек. Гүлбара Үтүровна өзү шаарда туулуп-өскөндүгүнө карабастан, кыргызча кынтыксыз сүйлөп, өзүн дасыккан башкы редактордой кармап, журналисттер менен дайыма үзгүлтүксүз мамиледе болуу зарылчылыгын белгилеп, жакынкы келечекте облусттук соттордо да басма сөз кызматтары пайда болоорун маалымдады.


2,5 сааттан көбүрөөк убакытка созулган жолугушууда төрайым журналисттерге кайрылып, кимде андай сунуштар бар экендигине бир нече жолу кызыкты. Суроолор жана айрым сын пикирлер менен кошо  журналисттер тарабынан сот ишин жакшыртуу багытында бир топ иштиктүү сунуштар да айтылды.


-Урматтуу 4-бийлик өкүлдөрү, – деди төрайым Гүлбара Калиева, жолугушууну аяктап жатып. – Силердин суроолоруңар, сын-пикириңер менен кошо иштиктүү сунушуңарды да уктук. Мындан биз пайдалуу жыйынтык чыгарабыз деп ишенемин…  Албетте, силер даярдаган материалдар коомдук турмуштун чындыгын жетишерлик объективдүү чагылдырса – бул биздин баарыбызга эки эсе пайда алып келээрине ишенип коюңуздар. Рахмат!


Жолугушуунун аягында журналисттер төрайымга өздөрү менен өткөргөн жакшынакай сабагы, кызыктуу жаңылыктары жана ачык-айрым жооптору үчүн ыраазылык билдиришти. Жогорку соттун Басма сөз кызматы аталган иш-чара аяктап жатканда журналисттердин ар бирине Чынгыз Айтматов тууралуу чет өлкөдөн чыккан илимий-поулярдуу китеп тартуу кылды.


Тармактын Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда жогорудагыдай иш-чаралар мындан ары үзгүлтүсүз өткөрүлүп турулмакчы.


 


“Жаңы ордо” гезити                                                                                                                                Номанжан  Аркабаев