KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы окуучулар менен пикир алышты

30 ноября 2021

Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы Азат Доулбеков райондогу  Бакый Мүсүралиева  атындагы орто мектептин “Дил маек “ аталышындагы  иш чарасына катышты.


Аталган иш чара жогорку класстын окуучуларын келечекке болгон көз караштарын калыптандыруу, кесиптерге  карата багыт алдыруу максатында уюштурулуп, ар кыл тармакта үзүрлүү  эмгектенип жатышкан район ичиндеги  адамдар  чакырылып, окуучулар менен жакындан  пикир алышуу форматында  өттү.


Райондук соттун төрагасы окуучуларды   кызыктырган суроолорго   жооп берүү менен бирге эле, сот системасынын коомдогу орду, учурдагы сот тутумунда болуп жаткан жаңылануулар, жаш өспүрүмдөр катышкан кылмыш аракеттеринен алыс болуу сыяктуу   маселелерге да  кеңири токтолуп, иш чара  жандуу  маанайда  аяктады.


                   Нарын облустук сотунун  басма сөз катчысы Барктабас Белеков