KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бактыбек Султанканов: «Иштерди кароо сапатын көтөрүү зарыл»

05 декабря 2018

Жалал-Абад облустук сотунда 9 айындын  чыгарган  жыйын  болуп өттү. Анда, Областтык  соттун  төрагасынын  милдетин  аткаруучу Бактыбек Султанканов,  орун  басарлар  Абдимиталип  Абылакимов  жана Бакыт  Калыковдор аткарылган иштер боюнча кеңири маалымат беришти.


Маалым болгондой, 2018-жылдын 9 айында жалпы жергиликтүү сотторунда 1104 жазык иши каралып, бул өткөн жылга  караганда 96 ишке же 7,75% пайызга аз болгон.  Ал эми, апелляциялык жана кассациялык тартипте облустук сотто  210  иш 252  адамга карата каралып, бул өткөн жылга караганда 92 ишке же 30,5% пайызга азыраак болгон.


Жарандык иштер боюнча 9 ай ичинде жалпы жергиликтүү сотторунда 5 968 жарандык иши каралып, бул өткөн жылга  салыштырмалуу 21,92% пайызга аз болгон.  Ал эми апелляциялык (кассациялык) тартипте облустук сотто  331 иш каралган же 26,3% пайызга азыраак (262 жарандык иши) былтыркы жылга карата жарандык иштер каралгандыгы маалым болду.


Жалал-Абад областынын райондор аралык соту тарабынан экономикалык жана административдик иштери боюнча жалпы 657 иш каралып же бул 2017-жылдын 9 айында каралган иштердин  47,70% пайызга азыраак көрсөткүчүн түзөт.


Жыйынга  катышкан соттор  жазык иштери, жарандык иштер жана айыпталуучуларга бөгөт коюу чаралары боюнча иштерди кароодо өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле   2019-жылдын 1-январынан тартып  колдонууга  кирип жаткан жаңы кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча талкуу  жүргүзүштү.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Бактыбек Султанканов  судьяларга өндүрүштөгү  иштерди  кароо сапатын көтөрүү керектигин белгилеп,  мыйзамдын гана чегинде иш алып барууга чакырды. Мындан тышкары иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөргө  кылдат карап, сотко келген  тараптарга биринчи юридикалык  жардамды так көрсөтүп, соттук актыларды өз убагында тараптарга тапшырууну жана аткаруу барактарын убагында ишке ашырууну  көзөмөлдөө жагын эске салды.


 


                                                                                                Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы 


                                                                                             Мирлан Торомаматов