Кыргыз Республикасынын Баткен облустук сотунун төрагасын жана жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасын шайлоо болуп өттү.
Буга чейин Баткен облустук сотуна төрагалык кылып келген Мусаев Сайдибаказ Темировичдин 3 жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Баткен облустук сотунун төрагасын шайлоого облустук соттун судьялары катышып, бир добуштан Кожобекова Гульмира Турдумаматованын талапкерлигин колдошту. Ал эми жарандык иштер боюнча орун басары болуп Абдураимов Арзыбай Базарбаевич шайланды.