KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык соту борбордогу мектептерде окуган окуучуларга «Бангизатка жол ЖОК!» деген аталыштагы ачык сабак ɵткɵрдү

20 ноября 2019

2019-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаардык сотунун судьялары Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин окутуучулары менен биргеликте укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында Т. Сатылганов атындагы №69 мектебинде «Бангизаттарга жол жок» деген аталыштагы ачык сабак ɵткɵрүштү.


Иш чаранын алкагында бангизаттын зыяндуулугун чагылдырган тематикалык кино кɵрсɵтүлдү.


Ал эми окуучулар тарабынан бангизаттын зыяндуулугун чагылдырган сценкалар коюулуп,   талкуу жүргүзүлдү.


Судья Ж.Сабитова жана юридикалык илимдеринин кандидаты, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин окутуучусу Н. Сопубекова бангизатты колдонуунун зыяндуулугун, анын кейиштүү кесепеттерин айтып беришти. Мындан тышкары,  соттук практикада кездешкен жашы жете элек ɵспүрүмдɵр тарабынан жасалган бангизатка байланыштуу кылмыштуулук жана алардын жоопкерчиликке тартылышын  айтып беришти.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинде каралган бангизатты мыйзамсыз колдонууда жоопкерчиликке тартууну камтыган беренелерди түшүндүрүп беришти. Ачык сабактын жыйынтыгында окуучуларга атайын даярдалган «Мен жашоону тандайм!» «Бангизатка ЖОЛ ЖОК!»  деген аталыштагы китепчелер ыйгарылды.


                                     


                                 Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы


                                                                                       А.Т. Жаасынова