KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар жана соттордун аппарат кызматкерлери кезектешүү менен иш алып баруусу 13-апрелге чейин узартылат

03 апреля 2020

Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын, ошондой эле Чүй облустук соту жана Чүй облусунун райондор аралык сотунун судьялары менен аппарат кызматкерлеринин кезектешүү менен иш алып баруусу 2020-жылдын 13-апрелине чейин узартылды.


Эсиңиздерге сала кетсек, жогоруда аталган соттордун ишмердүүлүгү өзгөчө  абал киргизилгендигине байланыштуу токтотулган.


Жарандарды дайындалган иштердин графиги менен таанышуу үчүн, үйдөн чыкпастан, соттордун канцелярийлерине телефон чалып билүүгө чакырабыз.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда дайындалган иштер туурасында төмөндөгү телефондор аркылуу билсеңиздер болот: 0 312 66-35-01 (жазык иштери боюнча), 0 312 66-34-29 (административдик жана экономикалык иштер боюнча) жана  0312 66-30-40 же болбосо 62-19-29 (жарандык иштер боюнча).