KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Г.Калиева Жалал-Абад облустук сотунун биринчи жарым жылдыктагы отчетун онлайн укту

23 сентября 2020

Жалал-Абад облустук сотунда, Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторунда 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылган иштердин абалы жана каралган иштердин сапаты боюнча жыйын өткөрүлдү.


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева жана жети областын, Бишкек шаардык сотторунун төрагалары жана судьялары менен онлайн байланыш аркылуу, ошондой эле Жалал-Абад облустук соттун судьялары, шаардык, райондук соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.


Жыйынды Жалал-Абад облустук сотунун төрасы Улукбек Калыбеков ачып, күн тартибиндеги карала турган маселелерди белгилеп, баяндоочу судьяларга сөз берди. Жалал-Абад облустук сотунун төраганын орун басарлары Бактыбек Султанканов, Бакыт Калыков жана Каныбек Токтосун уулу жарым жылдыкта каралган иш сапаттар боюнча баяндамалар менен чыгышты. Иштерди кароодо судьялар тарабынан келтирилген олуттуу каталар жана жетишкендиктер жөнүндө талкуу, суроо-жооп болду.


Жыйында маалым болгондой, Кылмыш иштери боюнча 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында жалпы жергиликтүү соттордо 754 жазык иши каралып, бул өткөн жылга  караганда 243 ишке көп каралган (511 иш). Ал эми апелляциялык тартипте облустук сотто 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында 266 жазык иш боюнча 177 адамга карата каралып, бул өткөн жылга караганда бир ишке көп каралган.


Жарандык иштер боюнча 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында жалпы жергиликтүү соттордо 4267 жарандык иши каралып, бул өткөн жылга караганда 73 ишке көп каралган (4194 жарандык иши). Ал эми 2020-жылдын 1-жарым жылдыгынын ичинде апелляциялык тартипте облустук сотто 190 иш каралган (204 жарандык иши) былтыркы жылга карата 13 жарандык ишке аз каралгандыгы маалым болду.


Жалал-Абад областынын райондор аралык соту тарабынан 2020-жылдын 1-жарым жылдыкта экономикалык жана административдик иштер боюнча жалпы 246 иш каралып, бул өткөн жылга караганда 70 ишке аз кралган (316 иш). 2020-жылдын 1-жарым жылдыгынын ичинде  апелляциялык тартипте облустук сотто 104 иш каралып, 32 ишке азыраак каралгандыгы көрүнөт (136 иш).


Жыйынга  катышкан соттор  жазык, жарандык жана экономикалык, административдик боюнча иштерди кароодо өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле ар бир каралган иштин мыйзамдуулугу боюнча талкуу жүргүзүштү.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Улукбек Калыбеков  жергиликтүү соттордун иштерди кароо сапатын жогорку дээңгелге көтөрүүну, мыйзамдуулукту бекем сактоо менен иш алып баруусуна чакырды. Мындан тышкары иштерди кароодо процессуалдык мөөнөттөрдү бекем сактоону, соттук актыларды өз убагында жазып тараптарга тапшырууну жана ар бир кабыл алынган соттук актылардын  аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.


 


Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы


М.Торомаматов