KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Г.Калиева жаңы орун басарды жергиликтүү сотторго тааныштырды

02 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева видеоконференция байланышы аркылуу жазык иштери  жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын жаңы төрагасын жергиликтүү сотторго тааныштырды.


Онлайн жолугушууга жергиликтүү соттордун  төрагалары жана жазык иштери боюнча коллегиялардын судьялары  катышышты.


Төрайымдын орун басары Нургуль Бакирова  аталган коллегиянын судьяларын  иштерди мөөнөтүн өткөрбөстөн өз убагында кароого чакырды.


Сот адилеттигин жүргүзүүдө иштерди кароодо бирдиктүү соттук  практика болушу керек экендигин айтты.


Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 27-октябрында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын жаңы орун басары болуп судьялардын  жыйынында  Нургуль Бакирова шайланган.