KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

К.Бокоев ОБСЕ өкүлдөрү менен жолугушту

18 ноября 2019

2019-жылдын  15-ноябрында Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев Бишкек шаарындагы ОБСЕ кеңсесинин өкүлдөрү менен жолугушту.


Иш чарага  Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы  Болотбек Акматов,   коомчулук менен байланыш, ЖМК жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Шаира Чернявская, ОБСЕнин Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун укук үстөмдүгү маселелери боюнча кеңешчиси Карин Симонсен, адам укуктары бөлүмүнүн башчысы Юлия Нетесова  жана  укук реформасы боюнча улуттук кеңешчиси Бермет Акимжанова катышышты.


Жолугушуу ОБСЕнин Бишкектеги Программалык кеңсеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  ортосунда мындан аркы  кызматташууну  талкуулоо максатында уюштурулган.


Иш чаранын  жүрүшүндө Жогорку соттун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев ОБСЕ  өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын жалпы сот системасынын ишмердүүлүгү жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстер тууралуу маалымат берип, бул кодекстер сот системасында декриминализация жана  гуманизацияны ишке ашыруу  максатында   киргизилгенин айтты.  Мындан тышкары К.Бокоев  жаңы мыйзам боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашыруучу тергөө судьясы институту дагы киргизилгенин белгиледи.


Жолугушууда ОБСЕнин Программалык  кеңсесинин колдоосу менен Демократиялык институттар  жана адам укуктары  бюросу тарабынан жарандык коом  үчүн үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында уюштурулган  тренинг тууралуу маалымат беришти. Аталган тренинг  катышуучуларга эл аралык стандарттардын негизинде сот отурумдарына  көз карандысыз жана объективдүү  мониторинг жүргүзүү ыкмалары боюнча маалымат берүү максатында уюштурулган.


Юлия Нетесова “Адам Укуктары боюнча Эдвокаси Борбору”  мамлекеттик эмес уюмдар ассоциациясы   тарабынан  ОБСЕнин  Бишкектиги Программалык кеңсесинин колдоосу менен  2019-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунда сот отурумдарына  жүргүзүлгөн мониторинг боюнча маалымат берип,  «Сот процесстеринин мониторинги» колдонмосун тапшырды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну бекемдөөгө  кызыктарлыгын билдиришип, 2020-жылга карата   бир катар  иш чараларды  белгилешти.