KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кара-Буура райондук сотуна кызматтык үй курууга жер тилкеси бөлүнүп берилди

26 ноября 2020

Талас облустук сотунун  түзүлгөн иш планы боюнча,  Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, төраганын орун басарлары Жекшеналы Курманбаев, Айнура Султаналиева жана судьялар  Курал Эстебесов, Азамат Алдашов жана соттун аппарат кызматкерлери тарабынан, 2020-жылдын 23-ноябрында Талас областынын биринчи инстанциядагы сотторуна соттук иштерди кароодо мыйзамдардын туура колдонулушу боюнча практикалык жардам көрсөтүү максатында жана жалпы иш алып баруусу боюнча Кара-Буура райондук сотуна иш сапары менен барып келишти.


Иш сапарынын алкагында 2020-жылдын 9 айдын  каралган жазык, жарандык иштерине жана соттук материалдарга кароо жүргүзүшүп, аныкталган кемчиликтер боюнча биринчи инстанциядагы судьяларга түшүндүрмөлөрүн беришти.


Ошондой эле жолугушуу учурунда аталган айылдык аймактын башчысы  Арген Бекболотов  судьялар жана аппарат кызматкерлерине кызматтык үй куруп берүү үчүн мамлекеттик актыны жана жер бөлүп берүү токтомун Кара-Буура райондук сотунун жетекчилигине тапшырып берди.


Ошондой эле, райондук соттун жалпы бөлүмүндө  жүргүзүлүп жаткан иштер, күчүнө кирген соттук актыларга аткаруу барактарынын жазылышы, соттук иштердин “act.sot.kg” сайтына киргизилиши  жана аларга эсептик-статистикалык карточкаларынын толтурулушу,  аудио жана видео жазуу системасын киргизилиши боюнча маалыматтарды алышты.


 


 


           


Талас облустук сотунун


            басма сөз катчысы   АйгеримЧекеева