KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкек шаардык сотунда майрамдык иш-чара болуп өттү

23 сентября 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 23-сентябрында, Бишкек шаардык сотунда  Мамлекеттик тил күнүнө арналган, аппарат кызматкерлери тарабынан даярдалган чакан концерттик иш-чара болуп өттү.


Иш-чарага Бишкек шаардык сотунун судьялары, аппарат кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчисинин орун басары  Эркин Искаков катышты.


Майрамдык кече кылымдардан келе жаткан рухубузду чагылдырып, эне тилибизди көздүн карегиндей сактап, ага жаңы күч, дем берип унутпоого жана сот тутумунун кызматкерлеринин мамлекеттик тилде сүйлөөсүнө багытталды.


 Белгилей кетсек, Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.


 


Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова