KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

10 апреля 2024

Төраганын  куттуктоосу:


“Урматтуу мекендештер!


Кадырлуу мусулман бир туугандар!


Баарыңыздарды мусулмандардын ыйык майрамы – Орозо айт менен чын дилимден куттуктайм! Ыйык Орозо айындагы кайрымдуулук иштериңиздер жана изги ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун!


Орозо айт – отуз күн туткан ыйык орозобуздун руханий тазаруу, боорукердик, кайрымдуулук сыяктуу ѳзгѳчѳ касиеттерин жалпыга жайылтат. Бул майрам мусулмандарды баш коштуруп, дилин бириктирип, боордоштук, бир туугандык байланыштарын чыңдайт, жалпы дүйнѳнү кайрымдуулукка үндөйт.


Он эки айдын султаны деп айтылган бул ыйык Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, кайрымдуулук иштер арбын болду.


Жараткан Кыргызстаныбызга береке, тынчтык жана өнүгүү берсин, элибизге сабырдуулук, биримдик, бейпилдик ыроолосун!


Жүрөгүбүздөгү ыйманыбыз терең, дилибиздеги ишенимибиз бекем болуп, узак жылдар бою Орозо айт намазында жолукканга Жараткан насип этсин!


 


Орозо айтыңыздар маарек болсун!