KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Молдакунов: сотторду ротациалоо жакшы натыйжа берет

22 августа 2022

Жогорку соттун судьясы Айбек Молдакунов сот реформасынын алкагында соңку эки жылда жасалган иштер боюнча маалымат берди.




Өлкө боюнча 312 судья ротацияланды. Бул өз кезегинде жакшы натыйжасын берерин Айбек Молдакунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.



Анын айтымында, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери сот системасын замандын талабына ылайыкташтыруу максатында сот реформасы кандайдыр бир деңгээлде жүргүзүлүп келе жатат.





«Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин сот тутумуна тиешелүү беш мыйзамга өзгөртүү киргизилип, кабыл алынды. Сот адилеттиги иштери боюна кеңеш түзүлүп, анын курамына сегиз судья, Жогорку Кеңештен, президенттик администрациядан жана Курултайдан бирден адам кире турган болду. Муну кадрларды тандоо боюнча жакшы баскыч катары эсептөөгө болот. Мындан тышкары, өткөн жылы судьялардын маянасы 100 пайызга көтөрүлдү. Ошондой эле тиешелүү комиссия түзүлүп, 312 судья ротацияланды. Максаты — коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу, кызыкчылыктардын кагылуушсун төмөндөтүү. Себеби айрым судьялар 20 жылга чейин бир жерде иштеп, айрымдары өзү туулуп өскөн жерде иштеп жүргөн. Бул айрым учурларда адилеттүү чечим кабыл алууга тоскоолдук жаратышы ыктымал. Ошондой эле иштеген жеринин которулушу менен судьялардын иш категориясы өзгөрүп, алардын тажрыйбасын арттырууга шарт түзөт», — деди Молдакунов.










Ошондой эле ал өлкөдө 150дөн ашык соттук залда аудио, видео жазуу каражаттары орнотулганын белгилеп, санариптештирүү процеси кызуу жүрүп жатканын кошумчалады.