8-июлда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында иштерди электрондук каттоо жана электрондук учеттук-статистикалык картаны түзүү маселелери боюнча тренерлер үчүн эки күндүк тренинг өз ишин баштады. Тренингдин катышуучулары болуп республикадагы жергиликтүү соттордун 5 судьясы катышууда.
Тренингдин максаты – соттун АМС менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөргө окутуу. Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар соттун АМСда ишти электрондук каттоо үчүн керек болгон билимге жана көндүмдөргө ээ болушуп, республикалык масштабда бардык судьяларды , судьянын жардамчыларын жана соттун катчыларын андан ары окута алышат.
Өткөрүлүп жаткан тренингде тренерлер катары Ош облусунун Райондор аралык сотунун төрагасы – Сарыбаев Бакыт Абдылдаевич, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы — Узакбаев Азамат Насырович, CBI компаниясынын Долбоорунун менеджери – Исмаилов Илзат чыгышат.
Аталган иш чара Сот адилеттигинин жогорку мектеби тарабынан “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгү – 2 Фаза” Европа биримдиги Долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.
Тренингдин аягында жыйынтыктар чыгарылып, сертификаттар тапшырылат.