Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинде орун алган № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Белгилүү болгондой, парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда.
Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.