KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунун судьялары бир катар райондордо жолугушууларды өткөрүштү

31 июля 2019

Ош областтык сотунун төрагасынын жарандык иштер боюнча орун басары Элнара Мадмарова жана жарандык иштер боюнча областтык соттун коллегиясынын судьялары  Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунун аксакалдар сотторунун төрагалары, жарандык абалды каттоо бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери жана айылдык өкмөттөрдүн жооптуу катчылары  менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушууда аксакалдар сотторунун төрагаларына алардын иш милдеттерине байланыштуу усулдук жардам көрсөтүү маселеси каралды. Ошондой эле жарандык абалды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана айыл өкмөттүн жооптуу катчылары менен жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону, актылык китептерди түзүү, жазууларды оңдоо жана өзгөртүү, калыбына келтирүүнүн жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоонун китептерине сактоонун мөөнөттөрү боюнча  мыйзамдын талаптарын талкуулап, бул боюнча берилген суроолорго жооп беришти.


Иш чаранын соңунда соттук коллегия аталган райондордун жергиликтүү сотторунун судьялары менен чогулуш өткөрүп, жарандардын ортосундагы соттук талаш-тартыштар боюнча иштерди кароодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,  Жогорку сотунун пленумунун токтомдорун колдонуу боюнча бирдей тажрыйбаны колдонуу боюнча айтып өтүштү.


 


       Ош областтык сотунун басма сөз кызматы