KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облустук сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова Кадамжай райондук сотунда болду

11 октября 2019

2019-жылдын  4-октябрында Баткен облустук  сотунун төрайымы Гульмира Кожобекова   иш сапары  менен Кадамжай райондук сотунда болду.


Төрайым   райондук сот үчүн курулуп жаткан кошумча имаратты көрүп чыкты.


Мындан тышкары Г.Кожобекова райондук соттун кызматкерлери жана имараттын куруучулары менен жолугушту.


Жалпысынан  Кадамжай райондук  сотунда  бир кеңсе бөлүмү,  архив, сот залы, аппарат кызматкерлеринин жана  судьялардын бөлмөлөрү,  күзөт кызматкерлери жана приставдар үчүн да бөлмөлөр  курулууда. Ошондой эле,  жер төлөөсү  тазаланып,  бөлмөлөрү  иретке келтирилип,  ыңгайлуу шарт түзүлүүдө. Имараттын биринчи  кабаты толук бүтүрүлүп,  экинчи кабатында ремонттук иштер башталган.


Иш сапарынын алкагында Г.Кожобекова   судьялар менен жолугушуп аларды  мыйзамдын чегинде адилеттүү иш  алып барууга  чакырды.